Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:43

Египетте ыкчам реформаларды талап кылган демонстрациялар өтүп жатат


Каирдеги демонстрация, 8-июль, 2011
Каирдеги демонстрация, 8-июль, 2011
Бүгүн өлкөнүн бир топ ири шаарларында көчөгө чыккан жүздөгөн адамдар өкмөт жасап жаткан реформалар жетишсиз экенин билдиришүүдө. Жумурияттын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Иссам Шараф быйыл жыл башында президент Хосни Мубаракка каршы демонстрацияларда “элге каршы ок аткан” деп айыпталган баардык полисмендер иштен айдалат дегенине карабай, эл өкмөт көрүп жаткан аракеттерди жетишсиз деп жатат.

Быйыл жыл башында президентти бийликтен кулаткан демонстрацияларда кеминде 846 адам өлгөн, 6 миңден ашууну жаракат алган. Ыңкылаптан кийин Египетте мурдагы бийликтин тушунда иштеген чиновниктерге каршы ондогон кылмыш иштери ачылган болчу. Бирок коррупция үчүн айыпталган айрым аткаминерлер жакында акталып чыгышканы наарзылыктарды күчөттү. Азыр өлкөнү Аскер күчтөрүнүн жогорку кеңеши башкарууда.

XS
SM
MD
LG