Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Анын маалыматына караганда, тиешелүү соттук коллегия 7-июль күнү Бакиевдердин адвокаты Ирина Камарданын көзөмөл арызын карап, анын 7-апрель окуясы боюнча ишти карап жаткан соттук курамды алмаштыруу тууралуу өтүнүчүн четке какты.
7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүү жазык аткаруу кызматынын алдындагы күзөт департаментинде өтүп жатат. 2010-жылдын 7-апрелинде элге ок аткан, ок атууга буйрук берген деген айып 28 кишиге тагылган, алардын ичинен мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 8 айыпталуучуга эл аралык издөө жарыяланган. 7-апрель окуясы боюнча 300 киши жабырлануучу деп таанылган.(ZKo)