Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Отунбаева Орусия президентине көңүл айтты


Кыргызстан президенти Роза Отунбаева Орусиянын өлкө башчысы Дмитрий Медведевге чөгүп кеткен “Булгария” кемесинде каза тапкандар боюнча көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Анда Отунбаева маркумдардын жакындарынын азасын тең бөлүшөөрү айтылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүнчүлөрдү ташуучу “Булгария” теплоходу 10-июл кечинде Волга дарыясында кырсыкка учурап, анын айынан жүздөгөн адамдар өмүрүнөн ажырады. “Булгария” 1955-жылы пайдаланууга берилген. Орусия Транспорт министрлиги акыркы жолу теплоход быйыл 15-июнда техникалык кароодон өткөнүн маалымдаган эле. Кырсыкка аба ырайынын же кеменин техникалык абалынын начардыгы себеп болушу мүмкүн деп божомолдонууда. (EK)

XS
SM
MD
LG