Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:04

Абактагы түрк жараны Али Осман Зор ачкачылык жарыялады


Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Токтайым Үмөталиева билдирди. Анын айтымында, түрк жараны Али Осман Зор мындай кескин чарага эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу максатында барууда.

“Европа конвенциясынын негизинде башка өлкө жаранын 40 күндөн ашык кармаганга укук жок, бирок Али Осман Зордун абакта жатканына 3 айдан ашып барат”, - деп кабатырланат укук коргоочу. Үмөталиева БУУ алдындагы Укук коргоо боюнча эл аралык комитети кыргыз бейөкмөт уюмдарына чыгып, Али Осман Зордун иши боюнча көзөмөл кылууга чакырганын билдирди. Укук коргоочу түрк жаранынын үстүнөн сот иши жабык жана котормочусу жок өтүп жатканына нааразылык билдирди.

УКМК террористтик уюмдун мүчөсү деп шектелип жаткан түркиялык жаран Али Осман Зорду майдын башында камакка алган.

“Ал-Кайида” уюму менен байланышта деп айыпталган, өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн Али Осман Зор былтыр жайында Кыргызстандан саясий башпаанек сурап кайрылган. (EK)

XS
SM
MD
LG