Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Мадумаров, Бөлөкбаев президенттикке аттанды


"Бириңерден бириң эр, президент болчу кимиңер?"
"Бириңерден бириң эр, президент болчу кимиңер?"

12-июлда өткөн курултайларында “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Адахан Мадумаровду, “Жашылдар” партиясы Эркин Бөлөкбаевди президенттик жарышка аттантты.

Президенттик кол эле жакшы беле?

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы делегаттардын жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча президенттикке талапкерин аныктады. Анда альтернативасыз негизде жылдырылган Адахан Мадумаров көпчүлүк добуш менен партиянын атынан президенттикке талапкер катары көрсөтүлдү.

А.Мадумаров буга чейин депутат, вице-премьер-министр, мамлекеттик катчы жана парламент төрагасы кызматтарын аркалаган.

Адахан Мадумаров “Азаттык” үналгысынын “Интернет эрөөл” аттуу түз жыйынында, 2011-жыл, 4-май
“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы шайлоодон жеңип чыга турган болсо, Баш мыйзамды өзгөртүп, бийликти баштан-аяк тазалоого бара тургандыгын жар салды:

- 93-жылдагы Баш мыйзамга кайтып келишибиз керек. Анткени мына ошол Конституция мыкты даярдалып, бийлик бутактарындагы тең салмак жакшы сакталган. Ар тараптуу болуп иштелген. Мына ошого бир аз өзгөртүү киргизип туруп, анан кабыл алабыз. Мындай башаламандыкка барып калган мамлекетти кайрадан жыйноо оор маселе. Мына ошондуктан мен жеңишке жетишсем биринчи маселем – мамлекетти тазалоодон башталат.

Серепчилердин баамында, Адахан Мадумаров кремлчил саясатчылардын катарына кирет. Андыктан ал тышкы саясатта Орусия менен мамилеге артыкчылык берилишин жактап келет. Саясат талдоочу Идирис Кубатбеков Мадумаровдун саясий бейнесин мындайча мүнөздөдү:

- Бул кишинин артыкчылыгы катары аны калкка күйгөн саясатчы, чечендиги, чечкиндүүлүгү жана тайманбай элдин талабын айта алган эрктүү адам катары баалашат. Бирок ошол эле мезгилде
А. Мадумаровдун кемчилиги жана өксүгү катары анын ашкере ачуулуулугу, кызуу кандуулугу, өзүмчүлдүгү жана өзүнүн оюн таңуулап, акылдуусуна бергендигин айтса болот. Мына ушул сапаттар аны саясатта бир кыйла артка тартып турат
.

“Манастан Чубак кем бекен”

Ошол эле күнү Кыргызстандын "Жашылдар" партиясы өзүнүн бешинчи курултайында партиянын жетекчиси Эркин Бөлөкбаевди президенттикке талапкер катары көрсөттү.

Эркин Бөлөкбаев Бакиев бийлигинин тушунда оппозициялык саясатчы катары 2008-жылдагы Петровка чатагы боюнча айыпталып, камалган. Өткөн жылы 7-апрелден кийин бошотулуп, Убактылуу өкмөттө каржы полициясын жетектеп келген.

Эркин Бөлөкбаев
Эркин Бөлөкбаев президенттикке талапкерлигин койууга мажбур кылган жагдайлар туурасында айтып, бийликке ким келсе да парламенттик башкаруу системасын өзгөртө албай тургандыгын кошумчалады:

- Кыргыз жерин саткан, мамлекеттин, элдин чөнтөгүнө кол салган бир топ саясатчылар президенттикке талапкер катары аттанып жатышкандыгын көрүп, чыдаган жокмун. Мына ошол адамдар эч нерседен тартынбастан бүгүн элге-жерге күйгөн адам катары көрүнүмүш болуп, элдин башын айландырып жаткандыгына кантип четте карап турууга болсун? Ал эми парламенттик башкаруу системасынан кайра кайтууга эми эч кимдин дарманы жетпейт. Анын мурдагы президенттик башкаруу эмне экендигин адамдар жакшы түшүнүшөт. Мына ошондуктан өзгөртө койом дегендер чоң жаңылышат. Бул маселе терең тамыр алды. Эми аны балталап кыйратууга мүмкүн эмес.

Эркин Бөлөкбаев өткөн жылы 7-апрелден кийин бийликке келген ыңкылапчыл күчтөргө ыктаган саясатчылардын катарына кирсе, Адахан Мадумаров Бакиев бийлигинин тушунда жогорку кызмат орундарында иштеп калгандыктан реваншисттик күчтөргө жакын саясатчы катары мүнөздөлүп келет.

XS
SM
MD
LG