Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда “Ата-Журт” партиясынан Камчыбек Ташиев, “Бүтүн Кыргызстандан” Адахан Мадумаров, “Эл үчүн” партиясынан Арстанбек Абдылдаев жана “Жашылдар” партиясынын атынан Эркин Бөлөкбаевдер президенттикке ат салыша турганын БШКга билдиришти. Ал эми буга чейин Жогорку Соттун судьясы болуп келген Барктабас Азимкулов менен Өзгөн районун мурдагы акими Расул Жолдошевдер өзүн өзү көрсөтүштү.
БШК шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлерди каттай элек. Мыйзамга ылайык, алгач талапкерлердин экиден ыйгарым өкүлдөрү катталышы керек. Бул өкүлдөр БШК менен түздөн-түз иштешип, талапкерди каттоо үчүн керек болгон бардык документтерди тапшыруу менен алек болушат.
- Азыр талапкерлердин ыйгарым өкүлдөрүн каттап жатабыз. Алар 30 миң кол топтойт. Аны БШКга тапшыргандан кийин биз кыргыз тилин билүү боюнча экзамен алабыз. Аларды алып бүткөндөн кийин алар 100 миң сом БШКга төгүшү керек. Андан соң гана талапкерлерди каттоо башталат, - деди Жеңиш Акматов.
30-октярбрга белгиленген президенттик шайлоого катышууну каалагандар 15-августун кечине чейин БШКга расмий кайрылышы абзел. (KKs)