Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:37

Апрель окуясы боюнча сот иши дагы жылды


Бүгүн уланган сот иши 20-июлга жылдырылганын Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев «Азаттыкка» кабарлады. Буга айыпталып жаткан «Альфа» тобунун кызматкерлеринин жактоочусу Хурниса Махаддинованын сотту токтотуп туруу өтүнүчү себеп болгон.

Махаддинованын бүгүнкү соттук отурумда билдиришинче, айыпталуучу Сергей Цигельников13-июлдагы соттук жараянда эки тарап ортосунда чыккан чатактан жабыркап, мээси козголгон. Мындан улам Махаддинова сотту айыпталуучу толук айыкканга чейин токтотуу өтүнүчүн судьяга билдирди.

Ишти карап жаткан судья Дамир Оңолбеков бул өтүнүчтү жарым жартылай канааттандырып, соттук ишти 20-июлга калтыруу чечимин кабыл алды.
13-июлдагы соттук териштирүүдө жабырлануучулар менен айыпталуучулар ортосунда карама-каршылык чыгып кетип, тараптар бири-бирине кол көтөргөнгө чейин барышкан. Буга айыпталуучулардын бир жактоочусунун жабырлануучулардан сураган суроосу себеп болгон. ( KKs)

XS
SM
MD
LG