Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Отунбаева: Кыргызстандын экономикасында аялдардын ролу чоң


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева Бишкекте башталган Борбор Азия жана Кыргызстан аялдарынын экономикалык симпозумунда айтты. Анын айтымында, учурда Кыргызстанда ишкерчилик менен алектенген аялдардын 18 пайызынын жеке бизнеси бар. 15 пайызы айыл-чарбага байланышкан ишкерчилик менен алектенет.

Президент Кыргызстандын экономикасында орчунду рол ойногон тигүүчүк тармакта да аялдардын салымы чон экендигин ачыктап, ишкерчиликти өнүктүрүү үчүн бизнес мектептерин ачууга зарылчылык бар экендигин айтты.

Бишкекте “Ийгиликтин стратегиялары” аттуу Борбор Азия жана Ооганстан аялдарынын экономикалык симпозиумуна жүздөн ашык ишкер жана саясатчы аялдар катышууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG