Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:26

Бензин баасын атайылап көтөргөн компанияларга чара көрүлөт


Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев билдирди. Анын айтымында, акыркы күнү Бишкектеги бир катар май куя турган компаниялар бензиндин баасын кескин көтөрүп, айрым түйүндөрдө бензин 42 сомго чейин кымбаттаган. Бааны “Газпром” компаниясы гана көтөрбөгөндүктөн, алардын түйүндөрүндө түнү менен чоң кезек түзүлүп, майдын запасы кыйла азайып кеткен:

- Булар эми менчик компаниялар. Алар өздөрүнүн каалагандай баасын коё бериши мүмкүн. Бирок биз бүгүн расмий түрдө Монополияга каршы мамлекеттик агенттикке кайрылдык. Туура эмес атаандаштык боюнча мыйзам бар. Биздин айткан сөзүбүзгө көп көңүл бурбай коюшту. Мен бул компанияларды ассоциациядан чыгаруу боюнча маселени коём, - деди Акенеев.

Учурда май тартыштыгын алдын алуу үчүн Балыкчыдагы бензин запасы Бишкекке ташылып келе жатат. Мындан тышкары он күн ичинде Орусиядан Кыргызстанга 6,5 миң тонна бензин келери күтүлүүдө. Анын алгачкы партиясы ушул жуманын бейшемби күндөрү келе баштайт.

1-июлдан баштап Кыргызстанга буга чейин бензин алып келген Омск нефт иштетүүчү ишканасы Казакстандын сунушу менен бензин берүүнү токтоткон. Натыйжада бензиндин айрым түрлөрүнө 15-20 литрдик чектөө киргизилген болчу. Учурда бул завод менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG