Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Баткенде күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө болду


Силкинүү 19-июлдан 20-июлга оогон түнү саат 1:35те Баткен аймагында катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, жер титирөөнүн очогу облустагы Совет айыл округунда 7-8 баллга жетти. Айдаркен шаарчасында 7 балл, Баткен шаарында 6 балл, Кызыл-Кыя, Ноокат шаарларында 5,5 балл, Ош шаарында 5 баллды түздү. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 3-4 балл, Бишкекте 2-3 баллдык күчү байкалды.

Силкинүү ошол эле түнү саат 2:46 жогорку аймактарда кайталанып, Совет айыл округунда 2 баллды түздү. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча адам өмүрүнө зыян келген фактылар азырынча катталган жок.

Жергиликтүү жарандык коргоо комиссиясы менен ӨКМдин ыкчам топтору иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Жер титирөөнүн кесепетинен Ош-Баткен-Исфана жолунун 125-130-чакырымдарына таштар кулаган. Жолго түнү менен жол тазалоочу техникалар тартылып, таштардан тазаланды. Ошондой эле 110 кВт жогорку чыңалуудагы “Металлург” подстанциясы бузулуп, натыйжада Кадамжай, Тамаша, Пүлгөн, Кызыл-Булак, Халмион, Охна, Яркутан айыл округдары электр энергиясыз калган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG