Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Баланы башка чаппай, бапестеш керек


Кыргызстанда жылына ондогон тестиерлер менен өспүрүмдөр жоголот, көп балдар ата-энесинен запкы жейт, кийинки кезде сексуалдык зомбулукка кабылган кичкентайлар тууралуу да айтыла баштады. Дагы миңдеген балдардын ата-энелери сыртта иштеп жүргөндүктөн, чоң ата-энелеринин, тайаталарынын колунда чоңоюуда. Бирок кыргыз коомунда балдарга кайдыгерлик мамиле өкүм сүрөөрүн эксперттер айтууда. “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Талкууга көп балалуу ата Жусуп Алимбеков, Балдар укуктарын коргоо лигасынын жетекчи орун басары Айзат Көкүлова жана эл аралык серепчи Арслан Капай уулу катышты.

“Азаттык”: Баарыңыздарга эле бирдей суроо берейин. Канча балаңыз бар?

Жусуп Алимбеков: Менин 7 балам бар.

Арслан Капай уулу: Менин 4 балам бар.

“Азаттык”: Бул сурону берип атканымдын себеби – бүгүн биз Кыргызстанда балдарга мамиле жасоо маданияты тууралуу сөз кылалы деп турабыз. Анткени соңку кезде балдарга зомбулук күч алганы, балдардын дайынсыз жоголгону, окубаган балдардын санынын көбөйгөнү, бирок коомчулук, ата-эненин кайдыгер мамиледе болгону да айтылууда. Акыркы жолу балдарыңызды качан уруштуңуз эле? Колуңуз акыркы жолу качан тийди?

Жусуп Алимбеков: Балдарга катуу тийбеш керек. Бирок балдарга кол тийген учурлар болот.

Арслан Капай уулу: Менин колум эзели балдарга тийип көргөн эмес. Мен бул жагынан балдардын укугун коргоочусумун. Кудайга шүгүр тарбиямдын үзүрүн көрүп атам, алды билимдүү, кызым тырышып окуп жүрүп Оксфорд жогорку окуу жайын бүттү, эмгекчил. Баланын өзүн урматтап, сыйлоонун үзүрү деп эсептейм.

Жусуп Алимбековдун үй-бүлөсү
Айзат Көкүлова: Азыр кызым 5 эле жашта. Мен өзүм психологияны бүткөм, ошондо бизге “балдар менен кеңешип, ишенимиңди арттырып, сүйлөшүп тарбиялаш керек” деп айтчу. Азыр мен кызым менен кеңешип, бир нерсени туура эмес кылса эскертип жашап келатабыз.

“Азаттык”: Муну сураганымдын себеби, жарым жыл ичинде Бишкектеги балдар ооруканасына ата-энелеринен таяк жеген 26 бала кайрылган. Балдарды төрөгөндөн кийин таштап, мигранттар ата-энесине таштап кетип атат. Туура, алар балдарына акча салып, багып атышат. Бирок балдарга болгон мамиле ушундай дегендей түр калат. Арслан мырза, сиз 15 жылдай Лондондо жашап, жакында эле кайтып келдиңиз. Ал жакта балдарга кандай мамиле жасалат? Сиз сырттан кандай баалап атасыз?

Арслан Капай уулу: 15 жыл Лондондо жашап атканда ал жерде балдарга, балдардын укугун коргоого абдан көңүл бурулаарын билдим. Керек болсо балдардын укугун коргоо бул такай мамлекеттик көзөмөлдө турган маселе.
Акимиаттан “сени көп балалуу бол деп эч ким кыйнаган эмес” деп айтышкан. Кыргыз эли канчалык көбөйсө ушунчалык жакшы болот.

Балдардын укугу бузулду деген кандайдыр бир факты угулуп калса, коомчулуктун деңгээлинде талкууга алынып, ал эч качан көздүн жаздымында калбайт. Эртеңки күндөгү коомдун аң-сезимдүү мүчөсүн калыптандырууга багытталган.

“Азаттык”: Балдардын келечеги кең болуш үчүн ата-эне инвестиция салыш керек да, бул кыргыз коомчулугунда кандай?

Арслан Капай уулу: Бул маселе мени да көптөн бери ойлондуруп жүрдү эле, бул маселе Кыргызстанда улуттук катастрофанын деңгээлинде турат деп айтсам жаңылышпайм. Себеби балдарды тарбиялоону, булардан эртеңки күнү кандай киши өсүп чыгат, ушуну кыргыз коому такыр унутуп салды.

Азыркы трансформациянын жүрүшүндө башка сырткы тажрыйбаны өздөштүрүп атабыз, ошол эле учурда өзүбүздүн элдик, архаикалык салттарды кайра жандандырып атабыз. Бирок ошонун бардыгы балдарды тарбиялоодо көрүнбөй атат.

Балдарды таштап коюу, аларга зордук мамиле сыяктуу көрүнүштөр ашынып кетти. Мындай көрүнүш Советтер Союзу учурунда болчу эмес, анткени көзөмөлдө эле.

Кыргыз коомунда балдарды таштап коюу деген мурда, ал эмес согуш учурунда да болгон эмес. Азыр болсо чет өлкөлөргө 60-70 кыргыздын баласын алып чыкканга уруксат берип атат, дагы ошончо эле бала Москвада балдар үйлөрүндө жатат дейт. Бул балдарга кам көрбөгөнүбүздүн белгиси.

“Азаттык”: Жети бала эмес, бир баланы багуу кыйын деп айтышат. Жусуп мырза, сиздин тапканыңыз жети баланы толук-кандуу багып, кийиндирип, билим бергенге жетеби?

Жусуп Алимбеков: Ар бир балага Алла таалам ырыскысын берет. Менин кудуретим жетет, төрт балам окуйт. Мен өзүм жыгач устамын, жанымда улуу балам иштейт.

Балага жасаган мамиледен мамлекет жөнүндө айтып берем

“Азаттык”: Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, алты айда 480 бала дайынсыз жоголуп, алардын 427си табылган экен. Азыр 53 бала дайынсыз жок болуп, издөө жүрүп жатыптыр. Айзат айым, сиздерде кандай маалыматтар бар, былтыр канча бала жоголду, атасы зордуктап койгон фактылар да көбөйгөн турбайбы?

Айзат Көкүлова: Бизге жеткендерден 2010-жылы жыныстык жактан зордук-зомбулукка дуушар болгон 5 бала келди. Булар жашы жете элек наристелер. Алардын көпчүлүгү 6 жышка жетпеген балдар.

Балдар зордук-зомбулукка кабылганда бизде система иштебейт, балдардын көйгөйүн чечип бере алышпайт. Тартип коргоо органдарына барганда балдар өздөрү айтып бере албагандыктан, далилдин жана күбөлөрдүн жоктугунан шылтоолоп жаап коюшат. Психиатриялык жана гинекологиялык экспертизага карашпайт.

Быйыл жашы жете элек балдарга болгон жыныстык жактан зордук-зомбулук боюнча бизге 3 кайрылуу болду. Мисалы, 4 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукка кабылган. Ал өзү тартип коргоо органдарында иштеген киши экен, сабак берчү экен. Анан биз кайда кайрылбайлы ишти аягына жеткирбей жаап салып атышат.

Ал эми бизде ата-энеси тарабынан баланы уруп койсо, аны зордук-зомбулук катары кабыл алышпайт, аны тарбия катары кабыл алышат. Бүгүнкү күндө бизге “ата-энем урду” деген кайрылуу жок.

“Азаттык”: Илгери кыргыздын тарыхында баласын таштаган эмес. Эмне үчүн азыркы учурда ушундай тенденция уланып келатат?

Арслан Капай уулу: Биринчиден, коомдун деградациясы. Экинчиден, элитанын кайсы бир деңгээлдеги деградациясы. Ушул маселени көрүп туруп, коом үчүн актуалдуу экенин билип туруп коомдун элитасы унчукпай атса, демек бул артта калган коом дегенден кабар берет.
4 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукка кабылган. Ал өзү тартип коргоо органдарында иштеген киши экен. Биз кайда кайрылбайлы ишти аягына жеткирбей жаап салып атышат.

Биз өзүбүздүн келечекке өзүбүз балта чаап атабыз. Илгери кыргыздар келечек муун жөнүндө кам көрө билген, төрөлгөндөн тартып, мындан баатыр чыгышы мүмкүн, эл башы чыгат, коомго пайдалуу адам чыгат деп ошол жолго түрткөн. Азыр болсо өзүмчүл болуп атпайбы, өзүнүн гана балдары жөнүндө ойлонот да, башка жөнүндө ойлонбойт.

Айзат Көкүлова: Илгери ата-энеси каза тапса туугандары багып алышкан. Азыр болсо туугандары бага албай калышты. Система, өкмөттүк уюмдар тарабынан балага болгон мергенчилик башталды. Себеби ар бир бала – акча.

Балдар үйлөрүндө канчалык бала көп болсо, ошончолук каржылоосу да көп болот. Ошондуктан азыр ошондой уюмдардын адистери балдарды бизге келгиле деп агитация кылышат. Ошол уюмдарда каражаттын 10-20 пайызы балдарга жетсе жеткендир, калгандары чөнтөктөрүндө калат. Балдар аркылуу акча жасоо бүгүнкү күндө күч алган. Ошону көзөмөлдөө жаман жүрүп атат.

Арслан Капай уулу: Өткөндө президенттин жардыгы менен Кыргызстандагы балдарды Европада, Америкада асырап алчуулар болсо ошого уруксат берилбедиби. Бул кыргыздын уулу катары менин намысыма тийди. Мен бердиртпейт элем, өзүм багат болчумун.

“Азаттык”: Аларды Кыргызстанда караганга мүмкүнчүлүк жок болуп атпайбы?

Арслан Капай уулу: Кыргызстанда шарт тапса болот. Акчаны туура бөлүштүрүп, туура аныктаса жолун тапса болот.

“Азаттык”: Кайдыгерлик маселеси кайдан, эмнеден чыгып атат, Жусуп мырза?

Жусуп Алимбеков: Бул коомчулуктан, ата-эне тарабынан да чыгат. Менин 7 балам бар, мен балдар бакчасына бирин да берген эмесмин. Анткени жеңилдик жок, мен кайрылган жерлерим болгон, бирок эч ким көңүл бурган эмес. Акимиаттан “сени көп балалуу бол деп эч ким кыйнаган эмес” деп айтышкан. Кыргыз эли канчалык көбөйсө ушунчалык жакшы болот. Жаштарга айтат элем, коркпогула, бала ырыскысы менен чоңойо берет.

Арслан Капай уулу: Акыркы учурда урбанизация болуп, калк шаарлашкандан кийин аз балалуу болууга басым жасаш керек, мүмкүн болушунча европалыктарды туурап 2 балалуу болуш керек деген пикир үстөмдүк кылып жүрөт.

Бирок мен андай деп ойлобойм. Себеби биз кыргыздар аз сандуу калкпыз. 24-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгү түптөлүп аткандын алдындагы санак боюнча жалпы саныбыз миллионго жеткен экен. Андан бери сан өспөптүр. Советтер Союзу учурунда 2-3 эсе өсүп алдык.

“Азаттык”: Советтер Союзунда бардык үй-бүлөдө 10дон ашык балалуу болгон. Бирок балдардын бардыгы эле жогорку билим алган, эми келгенде эле кыргыздар тарбия бере албайт, балдарга мамиле жасай албайт деген сынга кабылып атпайбы. Мунун себеби эмнеде болуп атат?

Арслан Капай уулу: Коом өзү адашып турат. Жалпы коом адашып аткандан кийин, анын ичинде багыттар бүдөмүк болуп аткандан кийин балага тарбия берүү маселесинин өзү бүдөмүк болуп атат. Аны ойлонгон киши болбой атат.

Айзат Көкүлова: Балдарын бага албаса 1-2 балалуу болсун деп эч ким бөгөт койо албайт. Өкмөт тарабынан балдардын өсүп чоңоюшуна салым кошуу боюнча атайын иштелип чыккан программа болуш керек. Биздеги ресурстарды туура пайдаланып, туура сарптап, өкмөт тарабынан иштелип чыккан программа болсо, атайын адистер иштешсе, чет өлкөдөн жакшы практика болсо ошолор менен бөлүшүү керек.

Бала жоголсо издебегени эмнеси?

“Азаттык”: Негизи эле бала жоголсо деле, башка болсо деле ата-эне эмес коомчулук кайдыгер мамиледе болгондой сыяктанат. Бала жоголгондо бир топ акча төлөп эфирге чыгарышат. Лондондо бала жоголсо кандай мамиле болот?

Арслан Капай уулу: Британ коому европалык коомдун үлгүсү. Бул коом өзү үчүн өзү кам көргөн коом деп эсептейм. Эгерде балдардын укугуна байланыштуу кичинекей окуя болсо бул улуттук жаңылык болот. Балдар арасында кылмыштуулук күчөп баратса, балдардын бири-бирине болгон зомбулугу деген да чоң тема бар. Бул дайыма коомчулуктун көз алдында болуп турат.

Кыргызстанда балдарга тарбия берүү маселеси көз жаздымда калган маселе болуп атат. Балдардын арасындагы бири-бирине болгон маселе чектен чыгып улуттук катастрофанын деңгээлине жетип калган. Булардан эртеңки күнү кандай адамдар чыгат деген маселе чыгып атпайбы.

“Азаттык”: Коомчулуктун кайдыгерлигинен улам кайрадан ушул маселе жабылбай эле уланып атат. Эми мунун тамырын жок кыла албасак да, кантип кыскарта алабыз?
Азыркы трансформациянын жүрүшүндө башка сырткы тажрыйбаны өздөштүрүп атабыз, ошол эле учурда өзүбүздүн элдик, архаикалык салттарды кайра жандандырып жатабыз. Бирок ошонун бардыгы балдарды тарбиялоодо көрүнбөй атат.

Арслан Капай уулу: Бул биздеги саясатчылардын негизги темасы болуш керек. Шайлоо учурунда гана айтылып калбай, ошону ишке ашыруунун мамлекеттик программаларын иштеп чыгыш керек. Балдарга мээримдүү мамиле кылуу саясатын тезинен колго алышыбыз керек. Себеби мурдагы коомдо да, Советтер Союзу учурунда да балдарга мээримдүү тарбия берүү көңүлдүн чордонунда болгон. Бала бир жолу мээримди сезсе, андан жакшы киши чыгат, ал мээрим анын жүрөгүнөн өчпөйт экен.

“Азаттык”: Ата-энелердин, коомчулуктун кайдыгерлигин кантип сындыруу мүмкүн, кандай жолун көрүп атасыз, Жусуп мырза?

Жусуп Алимбеков: Балага тарбия берүү ата-энеден болот. Балдарды базарга чыгарып, иштеп, акча алып кел деп жумшап аптайбызбы. Азыр мектептерде рэкет деген күчөп кетти, ошондон улам мектептен качышат. Бул маселе өкмөт деңгээлинде каралыш керек.

Айзат Көкүлова: Өкмөт тарабынан атайын саясат иштелип чыгыш керек. Ар бир киши өзүнөн башташ керек, балдарга мамилемди оңдоюн, жылуу сөз айтайын деп. Ошондон эле башталат. Зордук-зомбулук көрсөтпөш үчүн көп каражаттын, же билимдин деле кереги жок. Болгону ата-эне балага мээримин бериш керек.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG