Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:49

Баткендеги зилзаланын чыгымы 246 млн. сом


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев 20-июлдагы жер титирөөдөн жабыркаган турак-жай, имараттарды калыбына келтирүү үчүн 246 млн. сом зарылдыгын белгилеп, бул каражатты табууну каржы министрлигине дайындады. Өкмөт башчы июнь айындагы селден жапа чеккен баткендиктерге берилүүчү насыя акча кечиктирилип жатканына ачууланып, буга күнөөлүүлөрдү жазалай турганын билдирди, деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

20-июлда Баткендин Кадамжай районунда күчү 7-8 баллга жеткен силкинүү болуп, андан миңдеген турак-жайлар жабыркаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG