Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Коргоо кеңешинин жыйынына даярдык көрүлүүдө


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева менен премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин бүгүнкү жолугушуусунда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда Коргоо кеңешинин жыйынын уюштуруу маселелери талкууланды.

“Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө» мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, президент кол койгондон кийин күчүнө кирген. Коргоо Кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөшүү, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн экинчи этабын ишке ашыруу жана мамлекеттик чек араларды бекемдөө маселелери каралат. Азырынча кеңештин жыйыны так качан болоору ачыктала элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG