Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Норвегия бийлиги дооматтарды четке какты


Норвегия өкмөтү 22-июлдагы терракттардын учурундагы полицияны "фантастикалык" иштерди жасады деп баалады. Норвегия Юстиция министри Кнут Сторбергерт бүгүнкү билдирүүсүндө коопсуздук күчтөрүн айыптоолорду четке какты. Норвегия күчтөрү өтө жай иштеген, 76 кишинин өмүрүнө забын келтирген Андерс Брейвиктин аракеттерин өз маалында токтото алган эмес деген сындар айтылып жатат.

Башкаруучу "Эмгек" партиясынын жаштар лагерине полиция бир сааттан ашык убакытта барган. Брейвик аралда 68 кишини атып өлтүргөн жана Ослодогу жарылууда 8 киши мерт кеткен.

Министр ошондой эле өлдү деп мурда саналган 93 кишинин тизмесин кайра каралып жатканын жана жакында жарыяланарын билдирди. Ослодо аза күтүү расмисине 100 миңдеген киши чогулду.

XS
SM
MD
LG