Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Футбол: Кыргызстан-Өзбекстан беттешүүсү башталды


“Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, саат 18де "Спартак" стадионунда оюн башталды, эки өлкөнүн гимни ойнолуп, командалар көк майсаңдан өз чектерин ээлөөдө. Жалпы орундун үчтөн бири толуп, күйөрмандар улам агылып келүүдө. Буга чейин мелдешке болжол менен 20 миңдей көрүүчү күбө болору айтылган. Маалыматка ылайык, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн миңден ашуун милиция кызматкерлери, ондон ашуун кинологдор үйрөтүлгөн иттери менен тартылган. Ар бир үчүнчү катарга бирден милиция кызматкерлери коюлган. Тартип коргоо кызматкерлери футбол күйөрмандарын катуу текшерип киргизүүдө. Ошондой эле тез жардам жана өрт өчүрүү кызматы да тартылган.

23-июлда Ташкентте өткөн Кыргызстан менен Өзбекстан курама командаларынын беттешинде кыргызстандык футболчулар 4:0 эсебинде утулуп калган.
Өзбекстан менен Кыргызстан курама командалары 2014-жылы Бразилияда өтө турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо турунун алкагында беттешүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG