Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Дыйкандарга трактор берилет


Кытайдан алып келинген 267 трактор бардык облустардын дыйкандарына бөлүштүрүлүп берилет. Бүгүн алардын алтымышын Ала-Тоо аянтына тизип, ачкычтарын жергиликтүү бийлик ээлерине тапшыруу аземи өткөрүлөт деп билдирди “Азаттыкка” айыл чарба министри Төрөгул Беков.

Министрдин айтымында, бул тракторлор Кытай өкмөтү тарабынан грант катары берилген, кыргыз өкмөтү аларды дыйкандарга 6-9% үстөгү менен насыя катары 7 жылдык мөөнөткө берүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG