Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

АКШнын Сенаты “Бейнердин планын” четке какты


АКШнын демократтар башкарган Сенаты буга чейин Конгресстеги Өкүлдөр палатасы кабыл алган “Бейнердин планын” жактырган жок. Өкүлдөр палатасынын спикери, республикачыл Жон Бейнердин планы боюнча, бюджеттин чыгымдарын 900 млрд.долларга кыскартуу менен мамлекеттик карыздын чегин көтөрүү каралган болчу. Анын бул планын 41 сенатор колдоду, бирок 59 каршы добуш берди. Президент Барак Обаманын администрациясы ага каршы экенин билдирип, республикачыларды мамлекеттик карыздын өлчөмүн кеңейтүү үчүн мунаса табууга чакырган. Эгерде бул боюнча 2-августка чейин орток пикир табылбай калса, Кошмо Штаттары техникалык дефолт жарыялоого, башкача айтканда, карыздар боюнча милдеттенмелерин аткара албаганын жарыялоого тийиш болот.

XS
SM
MD
LG