Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

Орозо айында талиптер чабуул жасабайт деш кыйын


“Орозо айы учурунда талиптер өздөрүн кандай алаарын айтыш кыйын”, - деди АКШнын аскерий күчтөрүнүн башкы командачысы, адмирал Майкл Мюллен. Буга чейин талиптердин айрым лидерлери орозо айы учурунда алар кайрадан “Пакистандагы тоолорго кетишээрин” билдиришкен болчу.

"Рамазан боюнча азыр алдын ала божомол айтыш кыйын болуп турат, - деди Мюллен жекшембиде. - Акыркы 10 жылдагы менин аскерий ишимдеги тажрыйбама негиздеп айтсам, мен божомол жасагандан оолак болуп келдим. Ошондуктан келерки айда кандай болоорун, чабуулдар дагы күчөйбү же азаябы – билбейм".

Орозонун алдынан арапа күнү Ооганстандын түштүгүндөгү Лашкар-Га шаарында талиптер полициянын имаратында жардыруу жасашты. Жан кечтинин жардыруусунан 13 адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG