Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Чым-Коргондон качкандардын дагы бирөө кармалды


Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлири тарабынан Чым-Коргон айылындагы психикалык ооруканадан жазында качып кетип, издөөдө жүргөн 1988-жылы туулган Дмитрий Королевских Кара-Балта шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Королевских буга чейин да бир нече ирет соттолгон. Ал эми ооруканадан качкан бешинчи адам 1986-жылы туулган Даурен Бейсенбеков издөөдө. Аны кармоо жана жашаган жерин аныктоо үчүн ыкчам издөө иштери уланууда.

25-мартта Чүйдүн Чым-Коргон айылындагы психикалык ооруканадан 5 адам медициналык кызматкерлерге кол салып, уюкфонун, акчасын тартып алып качып кетишкен. Бешөө тең соттолгон жана сот чечими менен "акыл-эси ордунда эмес" деп табылып, күчтөп дарылоого жөнөтүлгөн болчу. Качып кеткендердин экөө ооруканага өз эрки менен келсе, бирөө тартип коргоо кызматкерлери тарабынан алынып келинген болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG