Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

БШКнын атайын өкүлдөрү үчүн тренинг өтүүдө


3-4 августта Борбордук шайлоо комиссиясында анын атайын өкүлдөрү үчүн жаңы Шайлоо кодекси боюнча тренинг-семинар өтүүдө. Бүгүн тренингге депутат Өмүрбек Текебаев жана БШК төрага орун басары Гүлнара Журабаева жетекчилик кылып, жаңы Шайлоо кодекси тууралуу түшүндүрмө беришүүдө.

Иш-чара алкагында бүгүн-эртең шайлоочулар тизмеси, шайлоо жараяны, добуш берүү эрежелери, шайлоо жыйынтыктары боюнча талаштарды алдын алуу боюнча маалыматтар берилмекчи.

БШКнын атайын өкүлү кызматы "Шайлоо кодекси тууралуу" жаңы мыйзамга кирген саамалыктардан. Бул кызматка адамдарды БШК төрагасы өзү ар бир аймактык шайлоо участкасына дайындайт. БШКнын атайын өкүлү БШК аппаратынын кызматкери катары таанылат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымдады. (EK)

XS
SM
MD
LG