Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Конституциялык палатанын судьялары тандалат


Бүгүн Сотторду тандоо кеңеши Конституциялык палатанын судьялыгына талапкерлер үчүн добуш берери күтүлүүдө. Арыздарды кабыл алуу 25-июлда аяктаган. Жалпы эсеп боюнча Конституциялык палатадагы 11 орун үчүн 30 талапкерден арыз түшүп, алардын бирөө арызын кайтарып алган.

27-июлда Конституциялык палатага талапкерлер оозеки сынактан өткөнү маалым. Анда ар бир талапкер үчүн өзүнчө добуш берилген. Бул добуштардын эсеби бүгүн түшкө чейин чыгып, талапкерлерди иргөө боюнча кеңеш тарабынан акыркы добуш берүү өтөөрү күтүлүүдө. Тандоо жараянына байкоочулар киргизилбейт.

Эртең Сотторду тандоо кеңеши ушундай эле негизде Жогорку Соттун судьяларын бекитери күтүлүүдө. Бул тууралуу жеринде жүргөн кабарчыбыз маалымдады. (EK)

XS
SM
MD
LG