Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:44

Барак айлынын тургундары үчүн жер берилди


Өзбекстандагы анклав - Барак айылынын тургундарына турак-жай тургузуу үчүн жер берилди. Ош облустук мамлекеттик администрациясынан "Азаттыкка" маалымдашкандай, турак-жай тургузуу үчүн 18 гектар жер Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл округунун Беш-Үй участогунан бөлүндү. Бул жер айыл чарба багытындагы жалпы үлүштүн жери болгон. Барак анклавынын эли үчүн Кара-Суу районунан жер бөлүп берүү тууралуу токтомго өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев 29-июлда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы да маалымдады.

Өзбекстандын ичиндеги Барак анклавында 153 түтүн жашайт, анда миңге чукул адам бар. Барактыктар күн өткөн сайын Кыргызстанга кирип-чыгуу кыйындап баратканын айтышып, өздөрүн көчүрүп алуу өтүнүчү менен президентке, өкмөт башчыга жана ЖК төрагасына бир нече ирет кайрылышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG