Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. БШКнын жумушчу тобуна бүгүн президенттикке өзүн-өзү көргөзгөнүн билдирип, эки адам арыз жолдогон. Алардын бири 42 жаштагы Сооронбай Дыйканов, Кара-Балта спирт заводу мамлекеттик ишканасынын башчысы, “Содружество” саясий партиясынын өкүлү. 4-августта арыз бергендердин экинчиси – 52 жаштагы Оомат Казакбаев учурда иштебейт. Ал өткөн айда Кара-Балта шаар мэри кызматынан бошотулган.
Президенттикке талапкер болууга умтулгандардын 27си өзүн-өзү көрсөтсө, бешөөсүн саясий партиялар сунуш кылышкан. (UE)
Президенттикке талапкер болууга умтулгандардын 27си өзүн-өзү көрсөтсө, бешөөсүн саясий партиялар сунуш кылышкан. (UE)