Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:03

Жогорку Кеңеш төрагасы шайлоого катышпай турганын ишара кылды


Аxматбек Келдибеков президенттик шайлоого катышпай турганын бүгүн “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде ишара кылды. Төраганын айтымында, ал шайлоо учурунда талапкерлердин башын бириктирүүгө умтулат:

-Бүгүн жүргүзүп жаткан ишим –талапкерлерди бири-бири менен сүйлөштүрүп, олтургузуп, бир ойго келише алышпаса, жок дегенде эртеңки шайлоонун алып баруу шартына, үгүт иштеринин шартына жетишип алсам да мен чоң ийгилик жасайм деп ойлойм. Талапкерлердин бир акылга, бир ойго келип, бир адамга токтошуна колуман келген күч аракетимди жасайм.

Ахматбек Келдибеков өкүлү болгон “Ата Журт” партиясы президенттикке талапкер кылып буга чейин партия лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевди көргөзгөн. Андан сырткары бул партиянын парламенттеги депутаттарынын дагы бири, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов президенттикке өзүн-өзү көргөздү. (UE/SM)

XS
SM
MD
LG