Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

АКШ Кыргызстандын аба каттамдарын жаңылоого жардам берет


Бул үчүн каражат бөлүү чечимин АКШнын Конгресси бекитти. Аба каттамдарын башкаруу түйүнүн жаңылоо келишими “Рейтеон” компаниясы менен түзүлгөн. Аталган компания жана АКШ өкмөтү “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы менен иштешет. Аталган долбоордун алкагында “Манас” эл аралык аэропортунда заманбап технологиялар менен жабдууланган жаңы командалык-диспетчердик пункт курулат. Бул аэропорттун натыйжалуу жана үзүрлүү иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле учактардын коопсуздугун жогорулатат деп маалымдайт АКШнын Кыргызстандагы элчилиги. (ZKo)

XS
SM
MD
LG