Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:21

Британия, АКШ Тимошенконун камалышына тынчсызданууда


Украинада мурдагы премьер-министрдин камакка алынышына “терең тынчсыздануу” билдирген Британия акыйкатсыз сот иши өлкөнүн Европа биримдиги менен алакасына залака келтирерин эскертти. Мунун алдында АКШнын Киевдеги элчилиги украин бийликтеринен Тимошенкону дароо бошотууну талап кылган. Элчиликтин интернет сайтындагы билдирүүдө "Тимошенконун камалышы Украинада мыйзамдын үстүмдүгү бар экенине эл аралык күмөн саноого түрткү болуп, саясий куугунтуктоого кошумча болоору" айтылат.

Тимошенко сот маалында сотту сыйлабаганы үчүн камакка алынган. Өзүнө коюлган коррупциялык айыптоолорду ал саясий куугунтук деп мүнөздөп келет.

XS
SM
MD
LG