Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:14

Сириялык аскерлер "козголоңчу" шаарга чабуул жасады


Бириккен Улуттар уюмунун эскертүүсүнө карабастан, Сирияда армия өлкөнүн чыгышындагы Деир ал-Зор шаарында демонстранттарга кол салды. Укук коргоочу активисттердин билдиришинче, аскерлер таң азандан төрт тараптан басып киргенде, шаарда жардыруулардын добушу угулуп турду.

Аты аталбаган укук коргоочунун айтымында, аскерлер азыр шаардын сегиз ооданын өз көзөмөлүнө алды. Акыркы беш айдагы нааразылык акцияларынын чордону болгон Хама шаарында да армия кысымын күч алдырды.

Апта соңунда Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун президент Башар ал-Ассадды карапайым жарандарга каршы куралдуу күч колдонушун токтотууну талап кылган эле. Өз билдирүүсүндө баш катчы "акыркы күндөрү Сирияда зомбулук күчөп, өлүм көбөйүп жатканына" нааразылык билдирген.

XS
SM
MD
LG