Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

"Чоң жетилик" АКШнын рейтингин, Еврозонадагы кризисти талкуулайт


Өнөр жайы өнүккөн жети өлкөнүн каржы министрлери улуттук банктардын ишин айкалыштырууну сыналгы аркылуу конференцияда талкуулаганы жатат. Соңку күндөрү баалуу кагаздар базарында тополоң болуп, АКШнын эң жогорку рейтинги бир баскычка төмөндөгөн эле.

"Стандарз энд Пуурс" рейтинг агенттиги АКШнын 14 триллион доллардан ашкан бюжет тартыштыгы жана республикачылар менен демократтардын тирешүүсү акциялар базарындагы АКШга болгон ишенимди бекемдей албагандыгын эскерткен. Ушундан улам агенттик АКШнын рейтингин 3 Адан 2 А+ баскычына төмөндөткөн.

XS
SM
MD
LG