Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

“Ата Мекен” Текебаевди президенттикке аттантты


7-августта Бишкекте “Ата Мекен” партиясы курултайга чогулуп, президенттикке партия төрагасы Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин көрсөттү.

Парламенттик шайлоодо өздөрү күткөндөй добуш алалбай калган атемекенчилердин бул шайлоодогу мүмкүнчүлүктөрү ар кандай бааланып жатат.

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев партия Кыргызстандагы соңку реформалардын башында турганын белгилеп, "ошондуктан баштаган ишти аягына чыгаруу үчүн шайлоого катышууну чечти", деп билдирди:

- Быйылкы президенттик шайлоо тарыхый мааниге ээ. Кыргызстанда биринчи жолу тынчтык жолу менен, шайлоо жолу менен президент алмашат. Кыргызстандагы өткөөл мезгил бүтүп, өлкө өнүгүүнүн жаңы этабына кирет.

Ошондой эле ким президент болгонуна жараша да өлкөнүн тарыхы өзгөрөт. Анын дүйнөлүк көз карашы, идеологиялык багытына жараша өлкөдөгү реформа тездеп, өз багытын өзгөртүшү мүмкүн. Ошондуктан биз, “Ата Мекен” социалисттик партиясы бул шайлоого сөзсүз катышыбыз керек деп чечтик. Анткени реформалардын негизги демилгечиси катары аны андан ары уланышына кепил боло алабыз деп ишенебиз.


“Ата Мекен” 19 жылдык тарыхы бар партия. Дээрлик бардык учурда оппозицияда болуп келген. Өткөн жылы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке келген беш партиянын эң акыркысы болгон. Парламентте учурда 18 мүчөсү бар.

“Ата Мекендин” Таластан келген өкүлү Элүүбай Отунчиев 7-августта Бишкекте курултайда партиялаштарын мурунку шайлоодон сабак алууга чакырып, “Ата Мекендин” депутаттарын ынтымактуу боло албай жатканын сындады:

- Бүгүнкү күнү “Ата Мекен” партиясынын рейтинги төмөн. Муну мен Талас менен Бишкек боюнча айтып жатам. Башка облустар үчүн жооп бере албайм. Партия болгондон кийин биримдикте болуш керек. Бир сөздүү, бир максаттуу болуп, бир идеяга биригиш керек.

Парламенттеги биздин депутаттарыбыз Өмүрбек Абдрахманов бирди сүйлөйт, Равшан Жээнбеков экинчини сүйлөйт, Карганбек Самаков башканы сүйлөйт. Ушундай партия да болобу?


Курултайда “Эгемен Кыргызстан” партиясынын лидери, Жалал-Абаддын мурдагы губернатору Бектур Асанов Өмүрбек Текебаевдин пайдасы үчүн талапкерлигин алып салганын жарыялады.

Азыр “Ата Мекендин” ичиндеги бөлүнүп-жарылуулар тууралуу көп сөздөр чыгууда. Маселен депутат Равшан Жээнбеков президенттик шайлоого өзүнчө аттанышы ыктымал деп айтылат. Жээнбеков муну азырынча расмий тастыктай элек.

Байкоочулар фракция ичиндеги пикир келишпестиктерден улам "Ата Мекен" партиясынан депутаттардын кайсы бир тобу дагы башка талапкерди колдошу мүмкүн дешет.

“Ата Мекендин” талапкеринин президенттик шайлоодогу мүмкүнчүлүктөрү ар кандай бааланууда. Серепчи Кубанычбек Өмүралиев атамекенчилердин жеңишке жетеринен күмөн саноодо:

- Кыскасын айтканда, жыйынтыгы былтыркыдан өйдө болбойт. Себеби өзгөчө Убактылуу өкмөттүн иш-аракети, былтыркы июнь коогалаңы боюнча өзгөчө түштүктө “Ата Мекен”, анын ичинде анын лидери Өмүрбек Текебаевге карата ар кандай сөздөр бар. Ошон үчүн жеңип алуу шансы өтө төмөн.

Былтыркы конституциялык реформалардын башында Өмүрбек Текебаев турган.

Талдоочу Бекбосун Бөрүбашев “Ата Мекендин” лидеринин президенттикке аттанышында карама-каршылыктар бар деп эсептей турганын айтты:

- Текебаев “парламенттик башкарууну киргизем, президенттер кыргызды жептир, талап-тоноптур” деп айтып жаткан.

Парламенттик башкарууну Кыргызстанга киргизип, Текебаев жазган Конституцияда эл шайлаган президенттин укуктарын кесип, бутап, такыр эч нерсе калтырбай, мамлекеттин башчысынын деңгээлин өтө төмөн түшүргөн киши президенттик шайлоого барып, президент болом дегени бул – же Текебаев көз карашын бир жерге топтой албаган саясатчы, же болбосо кечээ күнкү өзүнүн көз карашынан артка кетти дегенди билдирип жатат.


Жогорку Кеңештин азыркы курамынын спикерин шайлап жаткан учурда Өмүрбек Текебаевдин талапкерлиги өтпөй калган. Президент Роза Отунбаева Социал-демократтар фракциясы коалициялык өкмөт курай албай калса, кийинки мүмкүнчүлүк “Ата Мекенге” берилет деген менен өкмөт куроону “Республика” фракциясына тапшырган болчу.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматы боюнча президенттикке талапкерлердин саны 35ке жетти.

XS
SM
MD
LG