Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Астанадагы мигранттар президентке жолуккусу келет


Казакстандын Астана шаарында иштеп жаткан кыргызстандык эмгек мигранттары президент Роза Отунбаева менен жолугушууну уюштуруп берүүнү өтүнүп, Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине кат жолдошту. Мигранттар "12-августта президент Роза Отунбаева Астанадагы ЖККУнун жыйынына келсе, мигранттар менен жолугуп кетсе" деген ниетин билдирүүдө.

Астанада иштеп жүргөн кыргыз жараны Фархат Каримовдун “Азаттыкка” кабарлашынча, Казакстандагы мигранттар каттоо жана шайлоодо добуш берүү маселеси боюнча президентке кайрылышмакчы.

12-августта Астанада ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейрасмий жолугушуусу өтөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG