Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Бишкекте соттор кандай тандалганы талкууланууда


Президенттин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, Жогорку Кеңештин имаратында Сотторду тандоо кеңеши түзүлгөндөн кийинки соттордун тандалышы талкууга алынууда. Жыйынга президент Роза Отунбаева баштаган бийлик өкүлдөрү, депутаттар жана жарандык коомдук өкүлдөрү катышууда.

Айрым катышуучулар Жогорку Сот менен Конституциялык палатанын судьяларын тандоодо алешемдиктер кеткенин билдирип, Сотторду тандоо кеңешинин курамын кайра кароону сунушташууда.

8-июлда Жогорку Кеңеш Сотторду тандоо кенешинин 24 кишиден турган курамын бекиткен. Жакында бул кеңеш Жогорку Соттун 29, Контитуциялык палатанын 11 судьясын кайра тандап чыккан. Жогорку Соттун 6 оруну үчүн жаңы талапкерлер сунушталары кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG