Кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшованын билдиришинче, 23-августта Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунда автордук кинолордун III фестивалы башталат. Анын алкагында 25 жаңы тасма көрсөтүлүп, он толук метраждуу тасма жөнүндө кыскача маалымат берилет. Иш-чара 27-августка чейин созулат.
Автордук кинолордун фестивалында жергиликтүү режиссерлордун тасмаларына чет өлкөлүк белгилүү кино сынчылар, продюсерлер өз бааларын беришет. (KKs)
Автордук кинолордун фестивалында жергиликтүү режиссерлордун тасмаларына чет өлкөлүк белгилүү кино сынчылар, продюсерлер өз бааларын беришет. (KKs)