Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:52

Жаза аткаруу кызматы реформаланат


Жаза аткаруу кызматынын жетекчи орун басары Калыбек Качкыналиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, кызматты реформалоого багытталган улуттук стратегиялык программа иштелип чыгып, өкмөттүн кароосуна жиберилди. 2011-жылдан 2015-жылга чейинки мезгилди камтыган бул программада 92 пункттан турган тапшырма бар. Алардын 52син эл аралык донорлор колдосо, калганына өкмөт акча бөлөт. Бул стратегиянын алкагында мыйзамдарды жакшыртуу, түрмөлөрдөгү абалдарды оңдоо, бул тармакта иштеген кызматкерлердин социалдык абалын жогорулатуу көздөлүүдө.

Бүгүн - Жаза аткаруу системасында иштеген кызматкерлердин күнү. Бул күн Кыргызстанда 2003-жылдан бери белгиленип келет.

Жаза аткаруу тармагы 1991-жылдан 2002-жылга чейин ИИМдин, 2002-жылдан 2009-жылдар аралыгында Адилет министрлигинин курамында болгон. Андан соң өзүнчө структура болуп түзүлгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG