Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Египеттик Махфуз айым бийликке жакпай калды


Египеттин аскерий соту Асмаа Махфуз айымды “өлкөнү башкарган генералдарды каралады жана элди бийликке каршы үгүттөдү” деп айыптады. Махфуздун адвокаты Али Атефтин айтымында, аскерий жетекчилик Египет революциясынын жүзү саналган адамдардын бирин жоопко тартуу менен бийликтин башка сынчыларына “оозуңарды жапкыла” деп ишара кылууда. Асмаа Махфуз 14-августта 4 саат сурак берген соң 3 400 доллар күрөө төлөп абактан чыгарылган.

Махфуз айым, адвокатынын айтымында, Facebook жана Twitter аркылуу тараткан макалаларында, ошондой эле жеке менчик телеканалда сүйлөп, жогорку бийликти тынч демонстранттарга чабуул жасоодо деп күнөөлөгөн жана аскерий кеңешти – “иттердин кеңеши” деп атаган.

Махфуздун күнөөсү ырасталса, 10 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG