Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Козголоңчулар Триполинин жолун бууганы жатат


Ливиялык козголоңчулар өлкө борбору Триполиге кетчү стратегиялык жолдогу эки шаарда алдыга жылышканын маалымдашты. Кабарларга караганда, уруш азыр Триполиден 50 чакырым батыштагы Завия жана 80 чакырым түштүктөгү Гариян шаарларында жүрүүдө.

Адаватчылардын батыш тоолорундагы өкүлү Жума Ибрагимдин айтымында, алар Триполиге кетчү маанилүү жолду бууганга жакын калды. Ливия өкмөтүнүн өкүлү болсо Завия жана Гариян шаарлары армиянын ээлигинде экенин билдирди.

Козголоңчулар акыркы күндөрү Туниске чектеш тоолуу аймакта бир кыйла алга жылышкан. Ливиянын лидери Муаммар Каддафи бүгүн өкмөттүк телеканалдан жасаган аудиокайрылуусунда өз тарапкерлерин козголоңчулардын колундагы шаарларды бошотууга камданууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG