Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Прокуратура: Улутка, жерге бөлбөгүлө


"Азаттыктын" архивинен, Бишкек, 16-май, 2010-жыл
"Азаттыктын" архивинен, Бишкек, 16-май, 2010-жыл

Кыргызстанда алдыдагы шайлоодо улуттук, жердештик ураандарга жол бербөө эскертүүсүн Башкы прокуратура жарыялаганы турат.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы өлкө башчысына кайрылып, президенттикке талапкерлер менен бул маселени талкуулоого чакырды.

Ал ортодо ар кандай саясий лидерлер жана топтор жери боюнча бөлүнүүгө бөгөт коюунун ар кандай амалдарын сунуш кылып жатышат.

Жоопкерчилик

Башкы прокурор Аида Салянова шайлоонун алдында ашынган улутчулдукту пайдаланган, аймактык ажырымга алып келүүчү же болбосо мамлекеттик бүтүндүккө доо кетирчү чакырыктарга каршы кескин чаралар көрүлө тургандыгын эскертти.

Аида Салянова
Аида Салянова тартип коргоо органдарынын алдында түзүлгөн атайын топтор шайлоо алдындагы үгүт иштерине байкоо жүргүзүп турарын белгиледи:

- Эгерде улуттар аралык кастыкты козуткан же болбосо аймактар аралык жарымга доо кетирген чакырыктар, макалалар, эл алдына чыгып үгүттөөлөр боло турган болсо, анда Кылмыш-жаза кодексинин негизинде мындай жоосунсуз жоруктар менен алектенгендер же аларга буйрутма бергендер жоопкерчиликке тартылат. Бул аралыкта мына ушундай учурларды байкоого алып, көзөмөлдөө үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында атайын эксперттик топтор иш алып барат.

Аксакалдар тартипке чакырат

Шайлоонун алдында айрым талапкерлер көбүрөөк добуш чогултуу үчүн уруулук, улуттук же болбосо жердешчилик белгилери боюнча бөлүп-жарган усулдарды колдонушу мүмкүн деген тынчсыздануулар орун алууда. Ошондуктан коомчулуктун алдыңкы өкүлдөрү улуттук биримдикти сактоо менен шайлоону коопсуз шартта өткөрүүгө багытталган үгүт иштерин жүргүзүшмөкчү.

Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Бектемир Мурзубраимов бул максатта өлкөдөгү аттуу-баштуу аксакалдар биригип жатканына токтолду:

- Бул шайлоо элди бириктире турган иш-чара болсо, биз баарыбыз мына ошого аракет кылсак жакшы болмок.

Бирок азыртадан эле талапкерлердин аракеттери бөлүп-жарууга түртүп жатканы байкалып жатат. Айрыкча алар саясий атаандаштыкта эмес, уруусу, жердиги же башка бир жагдайлары боюнча бири-бирине каршы иштеп жатканы өкүнүчтүү.

Мына ушундайды көрүп, анан биз карыялар элди биримдикке үндөө, шайлоону тынч-аман өткөрүп алуу боюнча коомчулук ичинде үгүт иштерин уюштурууну туура көрдүк. Мындай иштерди биз жакын арада баштайбыз
.

Алдын-алуунун айла-амалы

Мындан сырткары шайлоого катышпаган саясий күчтөрдөн турган атайын кыймылдар өлкөнү бөлүп-жарууга алып келүүчү жагдайларды алдын-алууну көздөп жатышат. Буга негизинен талапкерлерди аймактык белгилери боюнча өнөктөштөрдү топтобоого мажбурлоо жана ажырымдын ар кандай белгилерин жокко чыгаруу маселелери кирери айтылды.

“БЭК” партиясынын жетекчиси Азимбек Бекназаров талапкерлердин ортосунда өз ара сүйлөшүп, ымалага келтирүү аракеттери жүрүп жатканын белгиледи:

- “Айланайындар, бизди бөлүп бүттүңөр го, өлкөнү жок кылып жибересиңерби” деп кыжаалат болгон мекендештерибиз “башыңарды бириктирип, шайлоону акыйкаттыктын жана тынчтыктын шартында өткөрүү боюнча атайын тартип иштеп чыксаңар колдойт элек” деп жатышат.

Учурда “Мекен биримдиги” кыймылы президенттикке койгон түштүк тараптан чыккан талапкерлер, “Сары-Өзөн - Чүй” уюму болсо өлкөнүн түндүк аймагынан чыккан талапкерлери менен биргеликте бир биримдикке келүүнү караган сүйлөшүүлөрдү уюштуруп жатышат. Анан бардыгыбыз биригип, шайлоону акыйкат өткөрүү, уттуруп жибергендер арданып элди көтөрбөө үчүн бир катар шарттарды иштеп чыгып жатабыз
.

Демилге ишке ашабы?

Ошол эле учурда көрүлүп жаткан чаралар жүрүп жаткан саясий жараянга канчалык таасир этиши мүмкүн деген күмөн саноолор да жок эмес. Анткени буга чейин Кыргызстанда кайсы бир тараптын шайлоого аттанган саясий күчтөрдүн бирине дагы кошулбастан алардын ар кандай тирешүүлөрүнө калыс катары таасир этип, кырдаалды жөнгө салган тажрыйбасы болгон эмес.

Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов көтөрүлүп жаткан демилге канчалык ишке аша турганы ага кызыкдар тараптардан көз каранды деп эсептейт:
Азыртадан эле талапкерлердин аракеттери бөлүп-жарууга түртүп жатканы байкалып жатат. Айрыкча алар саясий атаандаштыкта эмес, уруусу, жердиги же башка бир жагдайлары боюнча бири-бирине каршы иштеп жатканы өкүнүчтүү.

- Мына ушундай сунуштардын жана демилгелердин болуп жатканы жакшы жышаан. Айрым ардагерлерибиз “биз шайлоонун айынан ар кимибиз жактырган талапкерибизди колдойлу деп атып, өз ара катышпай калбайлы, бул өнөктүктү ынтымак менен өткөрөлү” деп телефон чалып, сүйлөшүп жатабыз. Бирок азыр дымагы башынан ашкан бул турган талапкерлер мына ошол даанышман кеңештерди жетекчиликке алышып, жеңилип калышса ызаага алдырбай, жеңип алса көөп, тепселеп кетпегендей шарт-ыңгай болобу деген суроо мени түпөйүл кылып жатат.

Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов мамлекет башчысына каттоодон өткөн президентикке талапкерлерди улуттук биримдикке чакырууга багыттаган форум уюштурууну сунуштады. Анда акыйкат шайлоо өткөрүүнүн шарттары жана анын жыйынтыктарын таануу боюнча меморандумга кол койуу маселеси көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG