Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:31

Сариев: Шайлоо таза болооруна эч ким кепил боло албайт


Акылбек Сариев
Акылбек Сариев

Алдыдагы президенттик шайлоо туралуу БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": Роза Отунбаева Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы менен жолукту. Анда президент тарабынан шайлоону таза өткөрүү боюнча ой айтылды. Алдыдагы президенттик шайлоону БШКнын жаңы курамы таза өткөрө алабы?

Сариев: Алдын-ала шайлоону таза өткөрөт же өткөрбөйт деп айткан туура эмес. Аны жыйынтыгында көрөбүз. Бирок булардын кандай жол менен келгенине баарыбыз күбө болдук.

Ошого карабастан бийлик бутактары Конституциялык жактан аны таанып, иш-аракетин баштагандан кийин мен ийгилик гана каалайм. Менин оюмча ушунча келип, иштейбиз дегенден кийин БШК мүчөлөрү аракет жасайт болуш керек.

"Азаттык": Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы чоң талаш-тартыштар менен түзүлдү. Анын арасында сиздин дарегиңизге да көп сөздөр айтылды. Бул талаштарга эмне негиз болду?

Сариев: Бул талаш-тартыштарга Жогорку Кеңештин өз иш аракетин алып баруудагы эки жүздүүлүгү себеп болду. Биринчиден, эки башка тартип менен иш алып барышты. Экинчиден, атайын максат менен аны аягына чейин аткарышты.

Менин оюмча Жогорку Кеңеште шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө мага добуш бергенде өткөм. Бирок ошого карабай аны көрмөксөнгө салып коюшту. Анын баары келечекте билинет. Балким сөзүбүзгө туруп, Жогорку Кеңештин чечимин сот аркылуу караганга аракет кылып көрөбүз.

"Азаттык": Былтыркы парламенттик шайлоодо 29 партия катышкан эле. Бул сапар да атаандаштар көп болору айтылууда. Мындай шартта канткенде шайлоону таза, утулуп калгандар да нааразы болбогудай кылып өткөрүүгө болот?

Сариев: Бул жерде андай шартты эч ким түзө албайт. Экинчиден, утулган бардык эле киши жаны ачып, ар кандай жол менен жеңгенге аракет кылат.

Мында маселе башкада. Шайлоо канчалык деңгээлде мыйзамдуу жүргүзүлөт? Мыйзам чегинде болобу же мыйзамсыз жол менен кетеби? Кептин баары ошондо. Андыктан жалпы шайлоочулар жана эл алдын-ала мыйзам чегинде иш алып барууну талап кылса, балким кичине жардам болушу мүмкүн. Бирок талапкерлердин өздөрүнүн көз караштары бар. Чөнтөктөрүнүн калыңдыгына жана койгон максаттарына жараша иш-аракеттерин алып барат.

Шайлоо таза болот деп мен деле кепил болбойм. Мурда деле ошентип айтып келгем. Шайлоо таза өтөт деген туура эмес. Шайлоо ачык-айкын өтүшү мүмкүн. Бирок таза өткөрүү үчүн шайлоочудан баштап, талапкерлер, мамлекеттик башка органдардын кызматкерлери жоопкерчилик алыш керек. Бирок бул мүмкүн эмес. Анткени 2 миллиондун тегерегинде адам катышат. Мындай шартта бир жагынан таза шайлоо өткөрөбүз дегендин өзү туура эмес.

Мисалы шайлоо комиссиялары ачык-айкын алып барса болот. Ал эми таза болушу үчүн жалпы катышуучулардын баары тең ошондой талапка баш ийиши керек. Тилекке каршы бүгүнкү күндө андай болбойт.

"Азаттык": Байкоочулар мыйзамдарда дайыма бир илинчек же чийки жери болорун билдиришүүдө. Азыркы "Шайлоо жөнүндөгү" мыйзамда кийин талапкерлерди нааразы кылчудай карама-каршылыктар барбы?

Сариев: Андайлар жетиштүү. Башка маселе аны кандай тартип менен чечишет? Бул маселени июндун башынан тарта эле айтып келгенбиз. Аларды президенттин мыйзамдарга билдирген каршы пикири менен оңдогонго аракет кылып, кээ бир жерлери оңдолду. Бирок ошого карабай дагы да маселелер калып калды. Анын баарын колдонушат.

"Азаттык": Мисалы кандай карама-каршылыктар бар?

Сариев: Алар азыркы иш-аракеттерди алып барып жатканда эле көрүнүп турат. Ичи ачышкан киши болуп жатат деп ойлошпосун. Аны азыр айтпай эле койолу. Бирок арызданчулар ошону колдонушат.

"Азаттык": 2010-жылдагы парламенттик шайлоо кыргыз жана эл аралык коомчулук тарабынан да мурдагы шайлоолорго караганда салыштырмалуу таза, ачык-айкын өттү деп бааланганы белгилүү. Бул салтты улап, кийинки шайлоолорду таза өткөрүп кетүүгө болобу?

Сариев: Менин оюмча, акыркы көрүнүштөргө караганда мындай мамиленин эч кимге кереги жок окшойт. Анын ичинде шайлоочуларга да, талапкерлерге да. Бардыгы тең эптеп өз максатына жеткен жолду эстешет. Өз максатына жетүүнү кыска жолу “түшүнүк” менен жашоо деп айтылат. Ошол себептен башталышы эле “түшүнүк” менен түптөлүүдө. Башы кандай башталса, аягы да ошондой болот дегендей, акыры да ошондой бүтүп калчудай болуп турат.

XS
SM
MD
LG