Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:48

Абдраимов: Мыйзамды аткарууга милдеттүүбүз


БШКнын жаңы курамы кандай өзгөрүүлөрдү, жаңылыктарды киргизет? БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов "Азаттыкка" маек курду.

- Сиз БШК төргасы болуп шайланганга чейин мурдагы курам жыйынга чогулуп, участкалык комиссиялар түзүлө баштаганы айтылды эле. Алар эмне болот?

- Алар участкалык комиссияларды түзө баштаган эмес. Бул жалган маалымат. Анткени участкалык комиссияны түзөөрдөн мурда райондордо БШКнын атайын өкүлдөрү шайланышы керек. Алар жергиликтүү кеңештер менен бирге участкалык комиссиянын курамын 1-августка чейин түзүп бүтүш керек.

- Шайлоо комиссиясы боюнча мурда төрт болсо, азыр үч тепкичтүү мыйзам болуп калды. Бул уюштуруу иштеринде кыйынчылык жаратпайбы?

- Албетте уюштуруу иштеринде бир топ кыйынчылык болот. Биринчиден, мөөнөт кыска, экинчиден, чындыгында облустук шайлоо комиссиясы жок болгонуна байланыштуу бир топ кыйынчылыктар болчудай. Бирок анын жолун таап, мурдагы облустук шайлоо комиссияда иштегендерди аймактарга которуп, алар мурдагыдай эле облустун ичинде иш алып бара беришет деп чечип атабыз.

Биз атайын 1-августка чейин участкалык шайлоо комиссиясын түзүүнү созуп койдук. Анткени шашып түзө салсак, ар кандай адамдар кирип калып шайлоо бузулушу мүмкүн. Ошондуктан ар бир шайлоочуну участкалык комиссия кылдаттык менен карап чыгалы деп жатабыз. Илгерки шайлоолорго катышып, каалагандай бурмалаган адамдар болсо эски тизмени карап, аларды чыгарабыз.

- Ар бир шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин түзүү бир топ талаштарды жаратат. Бул маселе кандай чечилгени жатат?

- Азыркы мыйзам боюнча тизмеге райондук шайлоо комиссиясы жооп берет. Мурда райондук администрациялар жооп берчү. Чындыгында өтө татаал маселе. Бирок биз ушуну БШКнын токтому менен жергиликтүү бийликтерге көрсөтмө беребиз деп атабыз. Анткени шайлоо маалында бардык бийлик бутактары шайлоо комиссиясы кабыл алган токтомдорду аткарууга милдеттүү.

- Сиз БШК мүчөлүгүнө “Ар-намыс” фрациясынан көрсөтүлүп, дайындалдыңыз. Шайлоо маалында тиги, же бул талапкерге тартпайсызбы?

- Жок, мени көп эле киши билет. Мен ушул кезге чейин кайсы кызматта болсом да туура эле иштеп келгем, дагы деле туура болот.

- Сиз шайлоону таза, ачык өткөрүүгө аракеттер көрүлөрүн айтып жатасыз. Негизи эле буга чейин БШК төрагаларына кайсы бир талапкерге жан тартты деген дооматтар көп айтылып келген. Ал эми сиз шайлоону ачык, таза өткөрүүнүн кандай жолдорун киргизесиз, кандай аракеттер көрүлөт?

- Шайлоону ачык-айкын өткөрүш үчүн биз мыйзамды так аткарабыз. Экинчиден, биз жаштарга кайрылуу жасайлы деп жатабыз. Жаштарды активдүү катышып, шайлоо участкалык комиссиясына кирип, мамлекет келечеги үчүн баягы эле эски мүчөлөрдүн кылыктарына жол бербей, жакшы катышып берсе болот эле.

- Шайлоочулар референдум учурунда жашаган жеринен добуш беришкен эле. ЖК депутаттарын шайлоо учурунда кайрадан катталган жеринен добуш берип калышты. БШК жаңы төрагасы катары сиз кайсынысын туура көрөсүз?

- Мыйзам боюнча шайлоочу кайсы жерде турса, ошол жерден добуш берет деп жазылып калган. Бул бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Бирок биз мыйзамды аткарууга милдеттүүбүз. Ошол боюнча иш алып барабыз.

- Эл аралык эксперттер бул ирет президенттик шайлоо өнөктөштүгү болуп көрбөгөндөй катуу болот деп айтышууда. БШКнын учурдагы курамы туруштук берип, таза өткөрөт деп ишенесизби?

- Албетте ар кандай сөздөр боло берет. Кээ бир адамдар тарабынан бул кодекс менен согуш чыгат дегенге чейин сөздөр айтылды. Бирок андай болбойт деп ойлойм. Кыргыз эли миң жылдан бери калыптанган эл, бардык нерсени түшүнөт. Шайлоону колдон келишинче туура эле өткөрөт деп ойлойм.

- Ал эми БШК курамы туура өткөрүүгө кудурети жетеби?

- Албетте кудурети жетет. Менимче баары татыктуу адамдар.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG