Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Текебаев: БШК сегиз мүчөсү менен ишти баштай алат


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Президенттик шайлоонун мөөнөтү, БШКнын курамы тууралуу Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Мына кечээ Боршайкомдун мүчөлүгүнө президент сунуштаган төрт талапкердин экөө гана колдоо тапты. Эми калгандары качан шайланат? Боршайком кандай негизде иштей баштайт?

Өмүрбек Текебаев: Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамда көрсөтүлгөн курамынын үчтөн экиси шайланганда ишти баштай берсе болот. БШК 12 мүчөдөн турат. Демек сегиз мүчө шайлангандан кийин Боршайком өз ишин баштай алат. Бүгүнкү күнгө он мүчөсү шайланды. Кийинки дүйшөмбүдөн баштап жаңы курам өз ишине киришет.

“Азаттык”: Президент калган экөөнү качан сунуштайт?

Өмүрбек Текебаев: "Жыгылган күрөшкө тойбойт" болуп, кечээ эле жыгылган экөөнүн талапкерлиги кайрадан Жогорку Кеңешке жиберилди. Депутаттар айтмакчы, президент талапкерлерди регионалдык, гендердик тең салмактуулукту эске алып жылдырса болмок. Тилекке каршы "жыгылып калган" экөөнүн талапкери кайра эле сунушталды.

“Азаттык”: Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 30-октябрга белгиледи. Шайлоого даярдык иштери кандай негизде жүргүзүлөт?

Өмүрбек Текебаев: Президенттик шайлоо быйыл күздө болоору белгилүү болгон. Мен ойлойм, азыркы БШК жарым жылдан бери бекер жатпаса керек. Алар иш пландарды, тиешелүү документтерди даярдап койсо керек. Эми жаңы БШК мыйзамда көрсөтүлгөн иш аракеттерди баштайт.

“Азаттык”: 30-июнда “Президенти жана Жогорку Кеңешти шайлоо тууралуу” мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынды. Бул макулдашылган вариантка түшүндүрмө бере кетесизби?

Өмүрбек Текебаев: Бул мыйзамга президент бир нече өзүнүн күмөн саноолорун айтып, каршы пикирлерин билдирген. Алгач президенттин атынан ошол кездеги БШК төрагасы Акылбек Сариев келип, "убакыт жетпейт, 27-ноябрга коюп бергиле" деди. "27си кеч болот 20-ноябрга" деп биз макул болдук.

Кечээ акыркы жыйналышта президенттин, өкмөттүн өкүлдөрү келип, "эл сындап жатат, 30-октябрга коюп бергиле" деди. Ар кыл пикирлерди эске алып, президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленди.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG