Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:46

Абактарга шайлоонун эмне ысык-суугу бар?


Президенттик шайлоого жакын Кыргызстандын абактарында козголоң чыгуу ыктымалдыгы айтылууда.

Бул тууралуу Жаза аткаруу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Эрнст Исаев жар салды. Ал эми Жаза аткаруу башкармалыгынын жетекчилиги 21-июнда өткөн маалымат жыйынында тынчсызданууга негиз жок экенин билдирди.

Исаев: Абактарда козголоң чыкканы жатат

Жаза аткаруу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Эрнст Исаев түрмөлөрдө кризистик кырдаал орун алаарын божомолдоп жатат. "Буга айрым саясий күчтөр да кызыкдар", – дейт ал.

- Шайлоо учурунда айрым күчтөр абак темаларын жана абакта жаткандардын өзүн көтөрүп чыгышы мүмкүн. Мен муну дагы кайталайм.

Буга улай Исаев түрмөлөрдө өзүн-өзү өлтүрүү фактылары көбөйгөндүгүнө көңүл бурууда. Ал абакта отургандар Жаза аткаруу кызматкерлерине кол көтөргөн учурлар болгондугун да белгиледи.

- Жалал-Абаддагы №10 мекемеде набал начар экендигин айтып келгем. Ошол начарлыгынан бир нече күн мурда Маразыков жана Сапаралиев деген эки офицерди “общактын” балдары сабап кетти. Ал эки офицер тең азыр дарылануудан өтүп жатышат.

Бирок өкмөт алдындагы Жаза аткаруу башкармалыгынын өкүлдөрү мындай кооптонууга негиз жок деп эсептейт. Жаза аткаруу башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Калыбек Качкыналиев түрмөлөрдө козголоң от алат деген божомолду четке какты.

- Бүгүнкү күндө менде андай маалымат жок. Биз оперативдүү маалыматтарды күнүгө текшерип турабыз.

Качкыналиев: Абал анча коркунучтуу эмес

Качкыналиев мындан сырткары Исаевдин сын пикирлерин негизсиз деп баалады. Ошону менен бирге өлкө эгемендигинин жыйырма жылдыгына карата жазаны өтөп жаткандарга мунапыс берилгени жатканын кошумчалады. Ага ылайык, жаза мөөнөтү аяктаарына аз калган жана жеңил кылмыш кылган төрт миңге жакын адам мөөнөтүнөн эрте эркиндикке чыгары күтүлүүдө.

Акыйкатчы Турсунбек Акун өз байкоолоруна таянып, камак жайларындагы абалга мындайча баасын берди.

- Түрмөлөрдө чече турган көп маселелер бар, бирок тополоң же көтөрүлүш чыга тургандай жагдай жок. Ошол эле кезде Жаза аткаруу башкармалыгы айткандай баары эле сонун дегенден да алыспыз.

Учурда Кыргызстандын түрмөлөрүндө жалпысынан он миңдин тегерегиндеги адам жазасын өтөп жатат.

2011-жылдын март айында көпчүлүк абактарда козголоң чыгып, ал дээрлик он күнгө созулган. Абактагылар буга жаза өтөө жайларындагы оор шарт жана күч кызматкерлери тарабынан уруп-сабоолор көбөйгөнү себеп болгондугун билдиришкен.

Ал эми бийлик өкүлдөрү нааразычылыктар кылмыш дүйнөсүнүн анабашчыларын камоолорго каршы багытталып, эркиндикте жүргөн лидерлери тарабынан уюштурулганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG