Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Абакта эки соттолуучу ачкачылык жарыялады


Бишкектеги №1 убактылуу кармоо жайында өмүр бою эркинен ажыратылган эки соттолуучу 11-майдан тарта ачкачылык жарыялоодо.

“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунан алынган маалыматка ылайык, Кыргызстандын Рахматулла Туранов жана Өзбекстандын Отабек Ахадов аттуу жарандары өздөрүнө карата чыккан өкүмдүн негизсиз экендигин айтып, кылмыш иштердин кайрадан иликтенишин Башкы прокуратурадан өтүнүп жатышкан экен.

Башкы прокуратура бул маселе мыйзам чегинде каралып жатканын билдирүүдө. Аталган жай катаал шарты менен таанылган.

“Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун түрмөлөрдөгү жарандардын укугун кароо долбоорунун координатору Евгения Крапивинанын “Азаттыкка” билдиришинче, өмүр бою эркинен ажыратылган Отабек Ахадов жана Рахматулла Туранов кылмыш ишин кайра кароону Жогорку Соттон талап кылышууда.

Өлүм жазасына кесилгендер кармалган абак
Мыйзам боюнча жаңы жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин соттор өздөрү козгой албайт. Башкы прокуратура гана козгоо укугуна ээ экен. Ошол себептүү аты аталган эки жаран Башкы прокуратурага кайрылып, ал жактан тиешелүү жооп болбогондон улам 11-майдан тарта ачкачылык жарялашкан. Евгения Крапивина буларды белгиледи:

- Бул эки жаран эки башка кылмыш иши боюнча отурушат, эки башка жабырлануучулар. Мисалы Турановдун иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу бир нече жолу козголгон. Ал жерде чын эле иликтенбеген жагдайлар бар.

Мыйзамга ылайык, жаңы ачылган жагдайлар боюнча Башкы прокуратура гана ишти козгой алат. Бирок Башкы прокуратура дайыма баш тартып келет. Ал эми ачкачылык жарыялаган экинчи адам боюнча, анын арызы Бириккен Улуттар уюмунун комитетинде катталган. Ушул жылы бул Женевада каралганы жатат.

Булар 2007-жылы “Гумандаштыруу мыйзамына” ылайык кылмыш ишин кайра карап чыгат деп ишенишкен. Бирок атууга өкүм деген өмүр бою эркинен ажыратуу менен гана алмаштырылып калган. Башкы прокуратурадан ишти кайра кароодон баш тарткан кат келгенден кийин ушундай жолго барып жатышат.


Крапивинанын айтымында, Рахматулла Туранов жана Отабек Ахадов өздөрүнө карата чыккан өкүмдүн негизсиз экендигин, кылмыш иштери толук иликтенбегендигин айтып, ишти кайрадан иликтөөнү талап кылышууда.

Мындан сырткары алар 1,5 ай мурда президент, премьер-министр жана Жогорку Кеңештин төрагасынын атына кат жолдоп, жооп ала албаптыр.

Беш жолку аракет

11 жылдан бери абакта жаткан Өзбекстандын жараны Отабек Ахадов 2001-жылы "террорчулук кылган", "“Иттипак” уйгур диаспорасынын лидери Нигмат Баззаковду жана “Достук” мейманканасынын жанында кытай жаранын өлтүргөн" деген айыптар менен өлүм жазасына кесилиптир.

Ал эми Кыргызстан жараны Рахматулла Туранов 2003-жылы Бишкекте "үч аялды өлтүрүүгө буйрутма берген" делип айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал сегиз жылдан бери абакта жатат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаковдун айтымында, бул алардын камалгандан бери бешинчи жолу ачкачылык жарыялап жатышы экен. Буга чейин аты аталган эки жарандын арызын Жогорку Сот төрт жолу карап чыгыптыр.

- Алардын арыз каттарын Жогорку Сот төрт жолу караган, өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырган. Президенттик аппараттын Кечирим берүү комиссиясы караган. Алар да бул өкүмдү калтырган.

Алардын ачкачылык жарыялаганга акысы бар. Алар ушуну менен бешинчи жолу ачкачылык жарыялап атышат. Азыр ден соолуктары жакшы эле. Коомчулукка эле ачка отурабыз дебесе, татынакай эле тамак жеп отурушат.


Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Талант Конокбаев аталган эки жарандын арыз каттары учурда каралып жатканын, жакын арада тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирүүдө.

- Бүгүнкү күндө Башкы прокуратуранын тиешелүү башкармалыгы келип түшкөн арыз каттар каралып, текшерилип жатат. Мыйзамда көрсөтүлгөн процессуалдык мөөнөткө ылайык, башкача айтканда бир ай аралыгында каттар каралып, тиешелүү чечимдер чыгарылышы тийиш.

Чындык ким тарапта?

Ал арада №19 абактан өзүн Каримкулов деп тааныштырган соттолуучу “Азаттык” менен телефон аркылуу байланышып, абакта мыйзам бузуулар болуп жатканын билдирди.

- Камакка алуулар туурасында бир нече күн ачкачылыкта отурсак да, 19-абакта тартипсиздик болсо да бизди карабай атат. Төрт кишини диний адамдар деп 2,5 айдан бери эч нерсе жок камап жатат. Ушуну акыйкатчы Турсунбек Акун да карап койсо деген сунуш.

Акыйкатчы Степное айылындагы аялдар абагында, 18-февраль, 2011-жыл
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары Калыбек Качкыналиев аталган абакта мыйзам бузуу болбогонун, Каримкулов деген жаран "террорчулук" беренеси боюнча соттолгонун, абакта тартип бузганын кабарлады.

Ал эми акыйкатчы Турсунбек Акун жогорудагы маалыматтарды “Азаттыктан” уккан соң ачкачылык жарыялап жаткан абактарга өзүнүн кызматкерлерин жөнөтөрүн, абал менен жакындан таанышарын кабарлады.

- Ачкачылык жарыялаган эки адам тууралуу силерден уккандан кийин өзүмдүн кызматкерлеримди жиберип атам. Эмне себептен кармап атышат? Анткени эки күн мурда биз барганда мындай маалымат жок болчу.

Ал эми 19-абактан кайрылып жаткан адам боюнча биздин маалыматыбыз жок. Бизге да тиешелүү каттар менен кайрылса, ал жакка да кишилерди жиберем. Бизге мурда кайрылып, биз карабай койсок бир жөн. Бирок барып, колдон келген аракеттерди көрөбүз.

XS
SM
MD
LG