Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

БШКда кош бийликпи?


БШКнын мурдагы курамы.
БШКнын мурдагы курамы.

Борбордук шайлоо комиссиясындагы талаштуу жагдай боюнча “Азаттык” БШКнын жаңы курамынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков менен мурдагы курамдын төрагасы Акылбек Сариевди түз ободо сөзгө тартты.


Кайсы курам мыйзамдуу?



"Азаттык": Ишенбай мырза, азыр БШКнын мүчөсү болуп 10 эле киши тандалган, күтө турса болот беле дагы эки киши тандалмайынча?

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков: Күткөнгө мыйзам уруксат бербейт. Азыр президенттик шайлоо башталды, бир күн эмес бир саат да маанилүү. БШКнын мүчөлөрү иштеш керек, кворум бар.

"Азаттык": Сиз дагы төрагалык үчүн ат салыштыңыз, бирок Туйгуналы Абдраимов көбүрөөк добуш алып калды. Балким 12 киши толугу менен шайланса, сизге жетпей калган эки добуш болмок?

Ишенбай Кадырбеков: Туйгуналынын бактысы бар экен, ал шайланды, бул туура эле нерсе. Азыр төрага боломбу, болбоймбу дегенде эмес кеп, азыр президенттик шайлоо башталды, ошол үчүн иштеш керек.

"Азаттык": Акылбек мырза, сиз жаңы курамдын легитимдүүлүгү жөнүндө күмөн саноолорду айтыптырсыз. Сиздин негизги аргументиңиз?

Акылбек Сариев: Жогорку Кеңештин регламенти боюнча шайлоо тартиби бузулган. Биринчи 8 кишини коюп туруп, бир эле добуш берген. Бул эң негизги мыйзам бузуу. Анткени Жогорку Кеңештин регламентинде даана жазылып турат, тизме менен кеткенде дагы ар бир талапкерге өзүнчө добуш бериш керек деген. Башка маселе, Конституцияны ишке киргизүү боюнча мыйзамдын 11-пунктунда көрсөтүлүп турат, жаңы курам Конституциянын тартибинде гана түзүлгөндөн кийин иштей алат деп. Бул 12 киши толук болсун деген сөз. Азыр парламенттин көпчүлүгүнөн үчтөн бири, анан алтыдан бири гана президенттин талапкери болуп кирип турат. Дагы бир маселе, мен буга чейин унчуккан эмесмин, баарыбыз укканбыз 101 депутат катышкан, анын ичинен мага деп 54 добуш берген. Бул катышкан депутаттардын көпчүлүгү берди деп мен шайлангам. Мен буга чейин депутаттардын абийрине коюп, тактап берет деп күттүм эле, тилекке каршы эч кимиси унчукпады.


Мага муну бүгүн айтышка туура келди, бул Конституциянын 84-беренесинде даана жазылган, Жогорку Кеңештин чечимдери шайлоого уруксат берүүгө чечим кабыл алып атканда катышкан депутаттардын көпчүлүгү чечим кабыл алат деп. Бул негизги аргумент. Журналисттердин баары тартты, 2005, 2010-жылкы революциядай болуп, жаңы курамдагылар залга кирип алып кетпейбиз деп чыгышты, анан биз ыймандуулукка салып унчукпай чыгып кете бердик. Болбосо алар менен тирешсек болмок. Бул жогорку деңгээлдеги адамдардын кыймыл аракетине жатпайт, ар бир адам өзүнүн деңгээлине жараша иш кылат. Менин укканыма караганда, Ишенбай аксакал толкунданганынан өзүн-өзү да жок деп чийип коюп, мөөрөйдөн чыгып калыптыр. Мунун канчалык чындыгы бар экенин билбейм.


Ишенбай Кадырбеков: Баары мыйзам чегинде


"Азаттык": Бүгүн эртең менен Биринчи радиого берген интервьюсунда президент Отунбаева “БШКнын парламент көрсөткөн 8 мүчөсү эски мыйзам менен шайланып калды, ал эми президент тарабынан көрсөтүлүп колдоого ээ болгон 2 талапкер жаңы мыйзам менен тандалды, бул президенттик шайлоодо кандайдыр бир маселелерди жаратышы ыктымал, мен буга көз жумуп кое албайм”, - деди.

Ишенбай мырза, сиз эски мыйзамдын негизинде шайландыңыз, чын эле түшүнүксүз абал түзүлүп калган жокпу?

Ишенбай Кадырбеков: Баары орду-орду менен мыйзамдын чегинде болуп атат. Роза Отунбаева мен мыйзам кабыл алмайынча өз талапкерлеримди чыгарбайм деп айткан болчу. Бул сөздүн аягына чейин туруш керек болчу. Ошол күнү эртең менен өзүнүн төрт талапкерин Жогорку Кеңешке берди, бергенден кийин түштө депутаттар жаңы мыйзамды кабыл алышты, түштөн кийин Роза Отунбаева кол койду, «Эркин Тоого» чыкты. Ага чейин шайлоо бүттү дагы, төрт талапкердин экөө шайланды. Демек президент төрт кишини берип атканда иштеп аткан мыйзам легитимдүү экенин өзү мойнуна алып туруп талапкерлерин жиберди. Жогорку Кеңештин депутаттары кандай шайлай турган эрежелерди өздөрү чечет. Алардын чечими мыйзам. Мыйзамда баарына бир тизме менен береби, же ар бирине өзүнчө добуш береби, андай чек жок. Жогорку Кеңеш мыйзам ченемдүү өзүнүн милдетин аткарды.

Мыйзамдын негизинде беш күндүн ичинде БШКнын жаңы курамы ишке киришиш керек. Биз имаратка кирип жыйын өткөрүп, төраганы, эки орун басарды шайладык. Ошону менен бүттү. Дагы эки киши шайланыш керек деген сөзгө, мен мындай деп айтат элем, мыйзамда үчтөн эки мүчөсү шайлангандан кийин БШК өз ишин баштай турганга укуктуу, милдеттүү. 12ден 10 киши шайланды. Азыр президент калган эки талапкерин берип атат, парламент сегизинде карайт экен, аларды мүмкүн шайлап коёт, ошону менен толугу менен БШК болот. Өзүнө келгенде фамилиясын өзү чийип койгон деген ушак сөздөрдү айтпай эле койсо, мен кантип өзүмдүн фамилиямды чийип таштайм.

"Азаттык": Сиз экинчи айлампада Туйгуналы Абдраимовго добуш бердиңизби?

Ишенбай Кадырбеков: Экинчи айлампада Туйгуналыга добуш берилди.

"Азаттык": Президент болочокто чыр-чатак чыгарам деген кишилерге жакшы жүйө болуп бериши мүмкүн, мен буга көз жумуп коё албайм деп айтыптыр. Мындай жагдайда президент эмне кыла алат?

Акылбек Сариев: Талашка Жогорку Кеңеш чекит коёт



Акылбек Сариев
Акылбек Сариев: Президентти бул жерге аралаштыруунун кереги жок. Депутаттар кезексиз сессияга чогулганы атат, азыркы талаш-тартыш жеткиликтүү болсо, депутаттар мыйзамчы болгондон кийин алардын абийринде, алар чечиш керек. Ошого жараша иш кылат. Азыр бул жерде ары-бери айткан менен, эки түрдө бурап атканы көрүнүп эле турат.

"Азаттык": Комиссиянын төрагасы шайланды. Буга чейин да комиссиянын кайсы болбосун төрагасы бейтарап эмес, кайсы бир партиянын кызыкчылыгын жактайт деген сын көп айтылып келген. Сиздин дарегиңизге да айтылган Акылбек мырза. Абдраимов бул маанилүү кызматты буга чейин да аркалап келди эле. Жаңы төрага шайлоочулардан тышкары эч кимдин кызыкчылыгына тартпайт деп ынанасызбы?

Акылбек Сариев: Мен эч кандай партия менен байланышкан эмесмин, келечекте байланышайын деген да үмүтүм жок. Бирөөнүн кандай иш алып барарын айтышка менин укугум жок деп ойлом. Ар бир адамдын өзүнүн чечими, өзү жооп бериш керек. Кандай болоору келечекте көрүнөт.

Ишенбай Кадырбеков: Эч жака тарта тургандай мүмкүнчүлүгү жок. «Ар Намыс» партиясынан төрага болду, бир орун басары «Республика» партиясынан, экинчи орун басары «Ата Мекенден» болду, анан биз башка субъекттерден келген БШК мүчөлөрү эшек такалап отурабызбы ал жерде, биз дагы калыс чечим кылабыз. Бул жылы акыйкаттык президенттик шайлоо өткөрө турганга шарт бар, үстөмдүк кыла турган күч жок. Мурда президент өзү дайындап койчу эле, азыр болсо президенттин өкүлү да төрага болгон жок, альтернативдик негизде талаш-тартыш менен төрага шайланды. Ошондуктан төрага оңго, солго бурам деген күчү да жок, анын болгону бир гана добушу бар.

XS
SM
MD
LG