Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:06

Президент 8 судьянын талапкерлигин жактырган жок


Президент Роза Отунбаева Конституциялык палатага көрсөтүлгөн 11 талапкердин сегизинин талапкерлигин ар кайсы себептерден улам кайра Сотторду тандоо кеңешине кайтарды. Бул тууралуу президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

Ал эми Конституциялык палатанын калган 3 судьясынын талапкерлигин президент жактырып, Жогорку Кеңешке сунуштаган. Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары үч талапкерди азыр же 11 талапкер толук жактырылгандан кийин шайлоо керектигин тактап жатышат.

Соттордун тандоо кеңеши август айынын башында Конституциялык палатага 11 судьянын, Жогорку Сотко 29 судьянын талапкерлигин тандашкан. Мыйзамга ылайык, бул талапкерлер президенттин кароосунан өткөндөн кийин гана парламенттин талкуусуна коюлат. (KKs)

XS
SM
MD
LG