Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Президент болом дегендердин саны 81ди чапчыды


Борбордук шайлоо комиссиясынын кечки саат сегиздеги маалыматы боюнча, президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 81ге жетти. Бүгүн мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов, Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору Зарылбек Кудабаев, убактылуу иштебеген Алмаз Парманов, Мамбетжунус Абылов, Нурлан Алымкулов, коомдук бирикменин жетекчиси Бакыт Керимбеков өзүн-өзү көрсөтүштү. Натыйжада партиялар сунуштаган талапкерлердин саны 16, өзүн-өзү көрсөткөндөрдүн саны 65ге жетти.

Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү бүгүн түнкү саат 12де жыйынтыкталат. (KKs)

XS
SM
MD
LG