Кечээ Грузиянын улуттук статистика комитети жарыялаган маалымат боюнча, 2010-жылы тыш элдик инвесторлор өлкөгө 814 миллион доллар түз инвестиция салган. Былтыр Грузиянын экономикасы 6,4 пайызга өскөн. Маалымдалганга караганда, Грузияга былтыр АКШ, Түркия жана Нидерландия баарынан көп инвестиция салган.