Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

17-августта жаан жаабайт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча 17-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 33…38, Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34, Баткен аймагында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30, Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 27…32 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -4…+1 градус суук, күндүз 12…17 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19 градус, күндүз 35…37 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG