Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

Талапкерлердин тил сынагы сентябрда башталат


Президенттикке талапкерлердин кыргыз тили боюнча сынагы сентябрь айынын башына белгиленип жатканын “Азаттыкка” Боршайкомдун мүчөсү Жаркын Бапанова билдирди. Анын айтымында, шайлоого катышууну каалаган адамдар тил сынагынан өткөндөн кийин гана катталмакчы. Учурда сынактын жадыбалы такталып жатат:

“Кыргыз тилинин экзамени 5-сентябрларда башталат. 10-сентябрга чейин талапкерлер 30 миң колду топтоп, 100 миң сомдук күрөө төлөмүн тапшырышы керек”,-деди Жаркын Бапанова.

Буга чейин мамлекеттик тил сынагын өткөрүү үчүн 12 тилчиден турган комиссия түзүлгөн. Талапкерлердин тил сынагы кайсы бир мамлекеттик телеканал аркылуу түз ободо көрсөтүлүп турмакчы. Президенттикке талапкерлерди каттоо 25-сентябрда аяктап, андан соң үгүт иштери башталат. (KKs)

XS
SM
MD
LG