Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Президент: Кыйноолорго каршы катуу чара көрүү керек


Өлкө башчысы Роза Отунбаева бүгүн Ошто шаардык кеңештин депутаттары менен жолугушту. Анда президент тартип коргоо органдары тарабынан көрсөтүлчү кыйноолорго карата чараларды катаалдаштыруу демилге көтөрдү. Бул үчүн убактылуу тергөө абактарында видеокөзөмөл орнотуу сунушу берилди.

Президент мындай чара зарылдыгын Базар-Коргон РИИБинде Орусия жараны У.Халмирзаев аттуу адамдын өлүмүн мисал кармап белгиледи.

Кыйноо фактылары боюнча былтыр 34 кылмыш иши козголгон. Отунбаеванын айтымында быйыл 7 ай ичинде эле катталган кыйноо фактыларынын саны ушунчага жетти. Андыктан президент кыйноо аракеттери үчүн тартип коргоо кызматкерлерине карата чараларды катаалдаштырууну сунуштады. Бул тууралуу дубандан кабарчыбыз кабарлады.

Кыргызстандын аймактарында кыйноо фактылары көбөйүп жаткандыгын буга чейин “Азаттыкка” акыйкатчы Турсунбек Акун да билдирген. Анын айтымында, жыл башынан бери Акыйкатчы институту тартип коргоо кызматкерлери тарабынан ыдык көрсөтүлгөн 42 учурду каттады. Акыйкатчы кыйноо аркылуу күнөөсүн мойнуна алдыруу фактылары көбүнчө жер-жерлерде орун алып жаткандыгын ачыктаган эле. Акыйкатчынын билдирүүсүндө, 2010-жылы милиция тарабынан ыдык көрсөтүлгөн 93 факт катталган. (EK)

XS
SM
MD
LG