Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Ош прокуратурасы журналисттерге сунуш менен кайрылды


Бүгүн Ош шаардык прокуратурасынын жалпы көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси Майрамбек Расулов билдирүү таратып, анда журналисттерди улут аралык маселелерди чагылдырууда этият болууга чакырды. Мындан тышкары этностор аралык кастыкты козутууга багытталган макала, баяндарды жазгандар мыйзамдын алкагында катуу жазаланарын эскертти. Расулов мындай сунуш алдыдагы президенттик шайлоону тынч өткөрүүгө багытталганын ачыктады.

Маалыматка ылайык, былтыркы июнь окуясынан бери “улут аралык мамилелерди козутту” деген кине менен Ош шаарында бир гезитке эскертүү берилген.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы да буга чейин бир нече жолу билдирүү таратып, журналисттерди элди бөлүп жарбоого үндөгөн.

Былтыркы июнь окуясынан кийин айрым укук коргоочулар өлкөдө улутчулдук күчөгөнүн, бул жагдай айрым маалымат булактарында ачык байкалганын билдирип чыгышкан. (KKs/MTo)

XS
SM
MD
LG