Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Кыргызстандын эгемендик күнү Түркияда да белгиленет


Бул тууралуу “Азаттыкка” "Кыргызстандын достук жана маданият" коомунун жооптуу катчысы Эсен Сариев билдирди. 31-августта Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу "Достук жана маданият" коому менен биргеликте Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына карата Стамбул шаарында майрамдык салтанат уюштурганы жатат.

Иш-чаранын алкагында "Өткөн жылдардагы Кыргызстан" аттуу даректүү тасма көрсөтүлүп, кыргыз улуттук тамактарынын жарманкеси, улуттук оюндар, сүрөт көргөзмөлөр уюштурулат. Салтанат Мирбек Атабеков, Урмат Үсөнов, Ырыскелди Осмонкулов өңдүү бир катар кыргыз эстрада ырчыларынын катышуусундагы концерттик программа менен коштолот.

Салтанатка Түркиядан министрлик, административдик башкаруу, шаардык башкаруу деңгээлиндеги мамлекеттик кызматкерлер жана коомдук ишмерлер, 5000ге чукул кыргыз-түрк жарандары катышары күтүлүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG